Жаңылыктар

24.04.2024 15:05

   Кароолор: 292

ЖАЛАЛ-АБАД: СУЗАК РАЙОНУНА 3-ДАРАЖАГЫ ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ РЕЖИМИ КИРГИЗИЛДИ

20-апрелден 24-апрелге чейин жааган жаандан улам Сузак районунун Барпы, Кызыл-Туу, Сузак айыл өкмөттөрүндө турак жайлардын короолорун сел суулары каптаган.

Мындан сырткары Көк-Арт дарыясынын суунун деңгээли көтөрүлүп, бир топ аймактарга кооптуулук жараткандыгы үчүн Сузак районуна райондук Жарандык коргоо башчысынын буйругунун негизинде 3-даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Учурда селден жабыркаган жергиликтүү тургундардын турак жайлардагы сел суулар мотопомпанынын жардамында сордурулуп, коопсуз жайга чыгарылууда.

Сел сууга агып келген мал жандыктардын, үй канаттууларынын өлүгү тийешелүү кызматтар тарабынан заласыздандырылып, айыл ичин дезинфекция иштери жүргүзүлүүдө.

Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын инженердик техникалары тартылып, сел каналдарда тазалоо жумуштары башталды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу