Жаңылыктар
27.06.2024 12:18
Кароолор: 206
ЖАЛАЛ-АБАД: СУУГА ТҮШҮҮДӨ АБАЙЛАҢЫЗДАР!
Базар-Коргон району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан сууга түшүүгө мүмкүн болбогон көлмөлөргө эскертүү белгилери коюлууда.
Ар бир ата-энелерге, жаш өспүрүмдөргө суу кооптуулугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, сууга түшүүгө болбойт деген эскертүүлөргө маани берүү керек экендиги белгиленди.
Мындан сырткары акы төлөнүп сууга түшүүчү жайлардын ээлерине эс алуучуларды куткаруучулардын көзмөлүндө сууга түшүрүү керек экендиги эскертилип, адам өмүрү барынан кымбат экендиги айтылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР