Жаңылыктар
28.08.2023 11:35
Кароолор: 1066
Жалал-Абад: Спорт — ден-соолуктун булагы
Кыргыз Республикасынын Эгемендүлүгүнүн 32 жылдык мааракесине карата КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын район-шаардык түзүмдүк бөлүктөрдүн арасында спорттук иш-чара өткөрүлдү.
Аталган мелдешке жалпысынан 13 команда катышып, спорттун кичи футбол жана волейбол түрлөрү боюнча күч сынашып, байгелүү орунду ээлеген командаларга диплом жана акчалай сыйлыктар менен ыйгарылды.
Башкы максат өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгын күчөтүүгө багытталат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР