Жаңылыктар

31.10.2024 16:20

   Кароолор: 645

ЖАЛАЛ-АБАД: ШАЙЛОО ТИЛКЕЛЕРИНИН ӨРТ КООПСУЗДУГУ ТЕКШЕРИЛҮҮДӨ

Жалал-Абад облусунда 2024-жылдын 17-ноябрына белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө өрт кырсыктарын алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Иш-чаралардын жүрүшүндө шайлоо тилкелери жайгашкан объектилердин өрт коопсуздугуна жооптуу адистерине, шайлоо комиссияларынын өкүлдөрүнө добуш берүү учурунда өрт коопсуздук талаптарын, эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрмө берилип, нускамалар өтүлүүдө.

Жалал-Абад облусунун аймагында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого карата 452 шайлоо участкасы уюштурулган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу