Жаңылыктар

19.06.2025 18:27

   Кароолор: 313

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН “БЕРЕКЕ” БАЗАРЫНДАГЫ ӨРТ ТУУРАЛУУ РАСМИЙ МААЛЫМАТ

Урматтуу жарандар!

“Береке” базары буга чейин эле көзөмөлгө алынган. 16-май күнү өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлүп, соода түйүндөрүнө өрт коопсуздугу боюнча эскертүү баракчалары таратылган. 9-июнда болгон түтүн чыгуунун негизинде базар администрациясына 23 000 сом айып салынган. Тилекке каршы, коопсуздук талаптары толук аткарылган эмес.

Бүгүнкү кырсык учурунда өрт өчүрүүчүлөр өрттү толук өчүрүштү. Бирок айрым адамдар тарабынан күч колдонулган учурлар өкүндүрөт. Мындай аракеттер мыйзамсыз деп кабылдайбыз.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана материалдык чыгымдар такталууда. Коомдук тартипти бузган учурлар боюнча тиешелүү органдар териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Куткаруучулар эл үчүн кызмат кылган адамдар. Аларга сый-урмат көрсөтүү ар бирибиздин милдет. Коопсуздук жалпы жоопкерчилик.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу