Жаңылыктар
22.07.2025 13:08
Кароолор: 265
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДАГЫ ИРИ ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ
Жалал-Абад шаарында бүгүн, 22-июлда Ж.Бакиев көчөсүндө жайгашкан “Токтогул” эс алуу жайында чыккан өрт саат 11:34тө өрт чектөөгө алынып, саат 12:06да толук өчүрүлдү. Жабыркагандар жок. Учурда өрттүн жалпы аянты жана келип чыгуу себептери такталууда.
Белгилей кетсек, тилсиз жоону өчүрүүгө Жалал-Абад шаардык №20 өрт-куткаруу бөлүгүнөн жалпы 3 күжүрмөн эсеп жеринде иш алып барды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР