Жаңылыктар

19.06.2025 12:00

   Кароолор: 199

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДАГЫ ИРИ ӨРТ ЧЕКТӨӨГӨ АЛЫНДЫ, 5 БӨЛҮМ ИШТЕП ЖАТАТ

Жалал-Абад шаарында бүгүн, 19-июнда Т.Байзаков проспектисинде жайгашкан Береке базарынан чыккан ири өрт чектөөгө алынды.

Жалпысынан өрттү өчүрүүгө саат 09:15да Жалал-Абад шаардык №20 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 2 бөлүм, саат 09:28де дагы 2 бөлүм, саат 10:29да Сузак райондук №65 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, жалпы 5 күжүрмөн эсеп өрт өчүрүүгө тартылды.

Министр, генерал-майор Бообек Ажикеевдин көзөмөлү менен куткаруучулардын күжүрмөн аракеттеринин натыйжасында тилсиз жоо саат 11:10до чектөөгө алынды.

Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Өрттүн жалпы аянты, келип чыгуу себептери жана башка маалыматтар такталууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу