Жаңылыктар
02.02.2025 16:11
Кароолор: 234
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ТУРАК ҮЙДӨН ЧЫККАН ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ
Бүгүн, 2-февралда Жалал-Абад шаарынын Шопоков көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан өрт саат 15:42де толук өчүрүлдү.
Белгилей кетсек, өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшөрү менен өчүрүүгө саат 14:26да Жалал-Абад шаардык №20 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 14:35те 1 бөлүм, жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоону ооздуктоо иш аракеттерин аткарышты.
Жабыркагандар жок, өрттүн себеби такталууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР