Жаңылыктар
04.04.2025 18:05
Кароолор: 152
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ТҮНКҮ КАФЕ-РЕСТОРАНДАРДА ТЕКШЕРҮҮЛӨР ЖҮРҮҮДӨ
КР ӨКМге караштуу Өрттү көзөмөлдөө кызматынын инспекторлору Жалал-Абад шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен биргеликте шаар аймагында жайгашкан кафе-ресторандарда өрт кырсыгынын алдын алуу максатында текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.
Ар бир кечки эс алуучу жайлар тыкыр текшерүүгө алынып, аныкталган кемчилдиктер боюнча жазуу түрүндө ишкерлерге эскертүүлөр берилүүдө.
Мындай текшерүүлөр 18-мартта башталган, 18-апрелге чейин уланат.
Башкы максат - өрт кырсыктарынын алдын алууга багытталат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР