Жаңылыктар

19.06.2025 10:32

   Кароолор: 347

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА БАЗАРДА ИРИ ӨРТ ЧЫГЫП, 4 КҮЖҮРМӨН ЭСЕП ТАРТЫЛДЫ

Жалал-Абад шаарында алдын ала маалымат боюнча бүгүн, 19-июнда Т.Байзаков проспектисинде жайгашкан Береке базарынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түштү.

Өрттү өчүрүүгө саат 09:15да Жалал-Абад шаардык №20 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 2 бөлүм тартылды.

Кошумча саат 09:28де Жалал-Абад дагы 2 бөлүм, жалпы 4 күжүрмөн эсеп өрт өчүрүүгө чыгышты. Ошондой эле тез жардам кызматынан 1 бригада жана КР ИИМден кызматкерлер жерине тартылды.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу