Жаңылыктар

25.12.2023 12:54

   Кароолор: 960

ЖАЛАЛ-АБАД: ШААР АЙМАГЫНДАГЫ ЖАЗАЛАРДЫ АТКАРУУ КЫЗМАТЫНЫН ОРДУ ТАЗАЛАНЫП, АДМИНИСТРАТИВДИК ИМАРАТ КУРУЛАТ

Жалал-Абад шаарында жайгашкан Жазаларды аткаруу кызматынын №10 түзөтүү мекемеси жана кайтаруу, күзөтүү департаментинин №5 батальонун бузуу иштерин КР ӨКМдин алдындагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу кызматы колго алган.

Тазалоо жана бузуу жумуштарына 18 оор техника тартылып, атайын жумушчу топ түзүлгөн.

Аталган аймакта бузуу жана тазалоо жумуштарынын жүрүшүнө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында таанышты.

Белгилүү болгондой Жалал-Абад шаарынын ичинде жайгашкан бул абак сыртка чыгарылып, анын ордуна административдик имараттар жана сквер курулуусу болжолдонгон.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу