Жаңылыктар

14.04.2025 20:00

   Кароолор: 79

ЖАЛАЛ-АБАД: СЕЛДИН КЕСЕПЕТТЕРИ АНЫКТАЛДЫ ТАЗАЛОО ЖУМУШТАРЫ ЖҮРҮҮДӨ

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ынтымак айыл аймагынын Ак-Тайлак айылында мөндүр аралаш жааган жамгырдан улам пайда болгон селдин кесепеттери аныкталды:

- 1 турак үйдүн короосун;

- №17 ЖТИнин карамагындагы Көк-Серек - Көк-Таш унаа жолунун 9-10-чакырым аралыгын,

- Көк-Жаңгак тилкесинде ички чарбалык унаа жолдун 500 м аралыгын сел каптаган (унаалар кыйынчылык менен өтүүдө).

Мындан сырткары Бирлешкен жана Тенги айылдарын байланыштырган 1 ички чарбалык унаа өтүүчү көпүрө жана 1 адамдар өтүүчү көпүрөнү жараксыз абалга келтирген (айланма жол бар). Ошондой эле сай жээгинде токтоп турган 2 жеңил унааны (ВАЗ 2107, Toyota Ipsum) агызып кеткен.

жабыркагандар жок.

Жерине Ала-Бука райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана жарандык коргонуу комиссиясы тартылып, тактоо иш чараларын жүргүзүүдө. Ал эми №17 ЖТИден 1 грейдер жана Ынтымак айыл аймагынан 1 экскаватор тартылып, унаа жолдорду тазалоодо.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу