Жаңылыктар
21.04.2024 20:34
Кароолор: 303
ЖАЛАЛ-АБАД: СЕЛ ЖҮРГӨН АЙМАКТАРДА ТАКТОО ЖУМУШТАРЫ ЖҮРҮҮДӨ
Кыска аралыкта жааган жамгырдын кесепетинен улам Сузак районунун Барып айыл өкмөтүнүн Курук-Сай айылында сел жүрүп, турак жайларды каптагандыгы маалымдалган.
Жерине Жалал-Абад облусунун Жарандык коргоонун башчысы Абсаттар Сыргабаев, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Абдулнасир Закиров баштаган ыкчам топ тартылып, штаб түзүлүп, тактоо жумуштары жүрүүдө.
Мындан сырткары облустун Базар-Коргон, Токтогул райондорунда, Жалал-Абад шаарынын айрым аймактарында кыска аралыкта жаап өткөн жаандан айрым ички көчөлөрдү сел каптагандыгы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан аныкталып, кыйроолор жана адам өмүрүнө коркунуч болбогондугу аныкталды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР