Жаңылыктар

03.07.2024 16:23

   Кароолор: 274

ЖАЛАЛ-АБАД: СЕЛ ЖҮРГӨН АЙМАКТАРДА КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

2024-жылдын 1-июль күнү саат 12:30 чамасында Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Саргата айылында катуу жааган жамгырдын кесепетинен кыян жүрүп, Саргата сел каналы жайгашкан ички көпүрөгө сел менен кошо топтолгон тал-терек туруп, суу ашып, ички көпүрөгө жакын жайгашкан турак жайларды суу каптоодо деген маалымат түшкөн.

Жерине райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, райондук Жарандык коргонуу кызматтары тартылып, тактоо иштерин жүргүзүп, 9 үйдүн короосун суу каптагандыгы аныкталган.

Жаралган кыйынчылыктарды жоюу максатында 10 куткаруучу тартылып, үйдүн короолору тазаланган.

Ички чарбалык жолдор ЖК кызматтарынын күч-каражаттарын тартуу менен калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп бүттү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу