Жаңылыктар
24.08.2023 12:23
Кароолор: 873
Жалал-Абад: Сел тосмо калыбына келтирилүүдө
Өткөн жылдын жаз мезгилинде тынымсыз жааган жаан-чачындын кесепетинен улам Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн Чаңгыр-Таш айылындагы сел тосмону суу жеп, авариялык абалга алып келген.
Жыл башында атайын алдын алуу, кесепеттерин жоюу максатында Өзгөчө кырдаалдар минстрлиги тарабынан 25 тонна цемент, 3 тоннадан ашуун арматура бөлүнүп, учурда жумуш кызуу жүрүүдө.
Аталган сел тосмо пайдаланууга берилсе 50дөн ашуун кожолук жана 3 социалдык объект сел кооптуулугунан корголот.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР