Жаңылыктар
19.06.2024 17:36
Кароолор: 681
ЖАЛАЛ-АБАД: СЕЛ СУУСУ КИРГЕН ТУРАК ҮЙЛӨРДҮН 50% ТАЗАЛАНЫП БҮТТҮ
Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Момбеков айыл өкмөтүндө катталган селдин кесепеттерин жоюуга 19-июнь күнү, Жарандык коргонуу кызматтарынан 13 инженердик техника, 210 кызматкер, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 40 куткаруучу тартылып, сел суусу кирген 94 турак жайдын 50% тазаланып бүткөрүлдү.
Эски Кочкор-Ата айылына баруучу жолдун 4,5 чакырымы толугу менен калыбына келтирилип, суу өтүүчү шакекчелерди коюу жумуштары жүрүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов баштаган ыкчам топтун катышуусунда штабдык отурум өткөрүлүп, Бостон айылынын жогору жагында жайгашкан сел тосмону калыбына келтирүү маселеси каралды. Ошондой эле селдин алдын алуу максатында ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистерине сел жүрүү кооптулугу бар тилкелерди изилдөө жумуштарын алып баруу тапшырмасы коюулду.
Белгилей кетсек 17-июнь күнү 17:30 чамасында Ноокен районунун Момбеков айыл аймагындагы кокту-колотордон чогулган сел суулары түшүп, турак жай, социалдык объекттилерге кирген. Ички чарбалык жолдор, ички көпүрөлөр жабыркап, тилекке каршы бир адам каза тапкан.
Селдин кесепеттерин жоюу жумушу 20-июнь күнү Эски Кочкор-Ата жана Бостон айылдарында уланат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР