Жаңылыктар

24.04.2024 12:06

   Кароолор: 273

ЖАЛАЛ-АБАД: СЕЛ СУУЛАРДЫ ТАЗАЛОО ЖУМУШТАРЫ ЖҮРҮҮДӨ

24-апрель саат 00:20 чамасында нөшөрлөп жааган жаандан кийин Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Таштак, Кызыл-Сеңир, Бостон айылдарынан болжол менен 150 турак үйдүн жана 3 социалдык объектинин, 1 ички чарбалык көпүрө, короосун суу каптап, 50 гетар айдоо жерлерди суу алган.

Жаралган кыйынчылыктарды жоюу максатында жерине райондук Жарандык коргоо кызматтары ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Абдулнасир Закиров баштаган ыкчам топ,15 куткаруучу тартылып, жеринде тиешелүү жумуштар жүрүүдө.

Мындан сырткары Облустун Базар-Коргон, Аксы,

Ала-Бука, Таш-Көмүр шаарларында ички чарбалык жолдорду, турак жайлардын короолорун сел суулар каптаган.

Белгилей кетсек, 22-23-апрелде ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Кыргызстандын түштүгүндө сел каптаган аймактарды кыдырып, селдин кесепеттерин өз көзөмөлүнө алды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу