Жаңылыктар
16.02.2024 18:56
Кароолор: 328
ЖАЛАЛ-АБАД: СЕЛ ӨТҮҮЧҮ КАНАЛ ТАЗАЛАНУУДА
ЖАЛАЛ-АБАД: СЕЛ ӨТҮҮЧҮ КАНАЛ ТАЗАЛАНУУДА
ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын 2024-жылга киргизилген "Атайын алдына алуу жана кесепеттерин жоюу" иш мерчеминин негизинде, Сузак районуна караштуу Багыш айыл өкмөтүнүн Кедей-Арык айылын аралап өткөн Көк-Жангак сел өтүүчү каналынын 800 метр аралыгын тазалоо жумуштары башталды.
Ал үчүн министрлик тараптан атайын техника тартылып, күйүчү май менен камсыздалган.
Белгилей кетсек, бул жылы калктын коопсуздугу үчүн ыңгайлуу шарт түзүп, өзгөчө кырдаалдын алдына алуу максатында облус аймагындагы 35 объекттиде атайын алдына алуу жумуштары жүргүзүлөт.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР