Жаңылыктар

14.02.2025 11:14

   Кароолор: 516

ЖАЛАЛ-АБАД: СЕЛ КЫРСЫКТАРЫНЫН АЛДЫН АЛУУ АРАКЕТТЕРИ УЛАНУУДА

ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын 2025-жылга коюлган атайын өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу мерчемине ылайык облус аймагында сел каналдарын куруу, кооптуулукту жоюу иштери жүргүзүлүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникалары учурда Сузак районунун Кызыл-Туу, Барпы, Сузак айыл өкмөттөрүндө, Аксы районунун Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндө өз ишин улантылып жатат.

Башкы максат - жаз айларында күн жылып, кардын ээрүүсүнө байланыштуу күтүлүп жаткан сел кырсыктарынын алдын алууга багытталат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу