Жаңылыктар

06.08.2024 11:45

   Кароолор: 292

ЖАЛАЛ-АБАД: СЕЛ КЫРСЫГЫНЫН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын Баткоз тилкесинде саат 07:25 тер чамасында кыска аралыкта жаап өткөн катуу жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон чогулган сел суулар ички арыктардан ашып турак жайлардын короолорун суу каптоодо деген маалымат түшкөн.

Жерине райондук Жарандык коргонуу кызматтары, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам топ тартылып, тактоо жумуштарын алып барышкан.

Кыска аралыкта жаап өткөн жамгырдан чогулган сел суулар 4 турак жайлардын короолоруна жана жер төлөлөрүнө сел суулар киргендиги аныкталып, жаралган кооптуулукту жоюу үчүн 13 куткаруучу тартылып, мотопомпанынын жардамында сел сууларды коопсуз жайга сордуруру иштерин жүргүзүшүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу