Жаңылыктар
19.05.2024 15:25
Кароолор: 442
ЖАЛАЛ-АБАД: СЕЛ КООПТУУЛУГУН АЛДЫН АЛУУ БАШКЫ МАКСАТ
Министрдин орун басары Эделбек Кулматов Ала-Бука районундагы Ала-Бука дарыясына жана Ат-Корум, Өрүктү-Сай сел сайларынын жээгинде жайгашкан турак жайларга, ички чарбалык жолдорго, көпүрөлөргө жаралган кооптуу тилкелерди жеринен көрүүдө.
Ошондой эле Мониторинг, божомолдоо департаментинин адистерине жаралган кооптуулук канчалык деңгээлде жогору экенин аныктоо тапшырмасын берди. Табият кырсыгы катталган учурда жергиликтүү жашоочулар селден жабыр тартпоо керектигин эскертти.
Мындан сырткары жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, кооптулукту алдын алуу башкы максат экенин белгиледи.
Белгилей кетсек Өзгөчө кырдаалдар министри генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасынын негизинде министрдин орун басары Эделбек Кулматов 17-майдан тартып Жалал-Абад облусунун Токтогул, Аксы, Ала-Бука райондорунда жана Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарындагы кооптуу аймактарды жеринен көрүп чукул иш чараларды жеринде кабыл алууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР