Жаңылыктар
18.06.2024 18:05
Кароолор: 382
ЖАЛАЛ-АБАД: СЕЛ КАТТАЛГАН АЙМАКТАГЫ КЫРДААЛ ЖӨНГӨ САЛЫНУУДА
Саат 18:00гө карата Ноокен районунун Момбеков айыл өкмөтүнүн Бостон, Эски-Кочкор-Ата айылдарында селдин кесепетинен 94 турак жайдын коро жайын, анын ичинен 27 үйдүн ичине сел суулар киргендиги жергиликтүү түзүлгөн комиссия тарабынан аныкталды.
Бул күнү ЖК жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы жана тартылган оор инженердик техникалардын жардамында 16 турак жай 1 социалдык объектинин короо жайлары тазаланып, сел алган ички чарбалык жолдор калыбына келтирилип, пайдаланууга берилди.
Жеринде дарыгерлер жергиликтүү тургундардын ден-соолугун көзөмөлгө алып, селге агып өлгөн мал-жандыктар жаныбарларды коргоо кызматы тарабынан коопсуз жайга чыгарылып, аталган аймактар тиешелүү адистердин жардамында заласыздандырылууда.
Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов баштаган ыкчам топ райондук ЖК кызматтарына тапшырма берип, аталган аймактагы кооптуулукту жоюу иштерин алып барууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР