Жаңылыктар
06.05.2024 08:11
Кароолор: 144
ЖАЛАЛ-АБАД: СЕЛ КАПТАГАН УНАА ЖОЛ ТАЗАЛАНУУДА
6-майга караган түнү саат 02:35 тер чамасында Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөттүндө нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен, Кекилик тилкесинин Базар-Коргон – Арстанбап унаа жолунун 14-чакырымында колотордон сел суулары түшүп, жол каттамын кыйындаткан.
Жерине райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана жарандык коргоо кызматтары тартылып, тактоо жана калыбына келтирүү боюнча тийштүү жумуштарды алып барышкан.
Учурда жеринде №50 жол тейлөө ишканасынан 1 бирдик авто жүктөгүч тартылып, жолду кеңейтүү жана тазалоо жумуштары жүрүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР