Жаңылыктар

25.06.2024 13:00

   Кароолор: 385

ЖАЛАЛ-АБАД: СЕЛ КАПТАГАН ТУРАК ЖАЙЛАРДЫН 80%ы ТАЗАЛАНДЫ

Ноокен жана Базар-Коргон райондорунда катталган сел кырсыгынын кесепеттерин жоюуга бул күнү райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан 300дөн ашуун кызматкер жана 14 оор инженердик техника, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 35 куткаруучу тартылып, сел каптаган 3 социалдык объекттин жана 50 үйдүн короо жайы тазаланууда.

Жеринде ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник А.Закиров координациялоо жана кесепеттерин жоюу иштерин тыкыр көзөмөлгө алып, жеринде Жарандык коргонуу кызматтарына тиешелүү тапшырмаларды берди.

Мындан сырткары тез жардам жана Санитардык эпидемиологиялык кызматы тарабынан жергиликтүү тургундардын ден-соолугун көзөмөлгө алынууда.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу