Жаңылыктар

24.07.2024 08:20

   Кароолор: 523

ЖАЛАЛ-АБАД: СЕЛ КАПТАГАН ТУРАК ЖАЙЛАРДЫ ТАЗАЛОО ЖУМУШТАРЫ БАШТАЛДЫ

Алдын ала маалымат боюнча 9 турак жайды, 1 социалдык объектини жана соода дүкөндөрдү тазалоого Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 77 куткаруучу тартылып тазалоо жумуштары саат 07:00дө башталды.

ӨК министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов тиешелү жетекчилер менен жеринде көзөмөлдөө иштерин аткарууда

Жарандык коргонуу кызматтарынан техникалар тартылып, сел каптаган ички чарбалык жолдорду калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары селге аккан автоунаа ээлерин тактоо жана унааларын коопсуз жайга чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу