Жаңылыктар
24.10.2023 11:12
Кароолор: 612
ЖАЛАЛ-АБАД: СЕЛ КАПТАГАН АЙМАКТАРДАГЫ КОРОО ЖАЙЛАР ТАЗАЛАНУУДА
23-октябрь күнү кечки саат 21:10 чамасында облус аймагында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам Сузак районунун Барпы айыл аймагына караштуу Боз-Чычкан айылын аралап өткөн Ачы-Сай каналынан суу ашып, үйлөрдүн короо жайларын каптап жаткандыгы тууралуу маалымат райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам нөөмөт бөлүмүнө саат 21:30да маалымдалган.
Жерине облустук жана райондук жарандык коргонуу башчылары, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жеринде иш алып барып, натыйжада 1 социалдык обьектти жана болжол менен 22 турак жайдын короолорун сел каптаганы аныкталган.
24-октябрь күнү таңга маал жерине облустук жарандык коргонуунун башчысы Абсаттар Сыргабаев, КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Абдулнасир Закиров, Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти менен биргеликте сел өткөн аймактарды жеринен көрүп, ыкчам чараларды кабыл алуу боюнча тапшырмаларды койду.
Учурда жергиликтүү жарандык коргонуу кызматарынын каражаттарынын жардамында тазалоо жумуштары жүрүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР