Жаңылыктар

06.02.2025 11:44

   Кароолор: 775

ЖАЛАЛ-АБАД: СЕЛ КАНАЛДАРЫН ТАЗАЛОО ЖУМУШТАРЫ БАШТАЛДЫ

"Атайын алдын алуу жана кесепеттерин" жоюу иш мерчеминин негизинде Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагында жайгашкан Орто-Азия сел каналынын 520 метр аралыгын тазалоо, нугун кеңейтүү иши башталды.

Сел каналды тазалоо үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 1 оор инженердик техника тартылып, күйүүчү май менен камсыздалган.

Аталган сел канал тазаланса 70 турак жай, 25 гектар айдоо жери сел кооптуулугунан корголот.

Белгилей кетсек, 2025-жылы Жалал-Абад облусунун аймагында 41 объектиде сел кырсыктарын алдын алуу жумуштары аткарылат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу