Жаңылыктар

15.09.2023 17:48

   Кароолор: 377

Жалал-Абад: Сегиз ай ичинде облуста 252 өрт кырсыгы катталган

ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы, райондук, шаардык бөлүмдөрү тарабынан өрт коопсуздук эрежелерин так сактоо боюнча жыл башынан тарта 150 миңге жакын адамга лекция окулуп, 17 миңден ашуун жарандын катышуусунда түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Ага карабастан облустун аймагында 252 өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен өкүнүчтүүсү 7 жаран каза тапкан.

Тилсиз жоонун алдын алуу максатында бакшармалык тарабынан атайын иш-мерчем иштелип чыгып, район, шаардык бөлүмдөр тарабынан чарбалык объектилерде, мекеме-ишканалардын кызматкерлерине өрт коопсуздук эрежелери жана ис газына ууланып калуудан сак болуу боюнча күчөтүлгөн тартипте иш жүрүүдө.

Урматтуу жарандар!

Өз өмүрүңүздү тобокелдике салбаңыз! Мүлкүңүзгө сак болуңуз!

☎️Ар кандай кырсыктын жана өзгөчө кырдаалдын күбөсү болсоңуз,

"112" бирдиктүү,

"101" ( өрт өчүрүү кызматы) номерине байланышыңыз.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу