Жаңылыктар
10.12.2024 13:39
Кароолор: 474
ЖАЛАЛ-АБАД: ОТ ЖАГУУДА ӨРТТӨН САКТАНУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ ТҮШҮНДҮРҮЛҮҮДӨ
ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын район, шаардык түзүмдүк бөлүктөрүнүн өздүк курамы тарабынан кышкы от жагуу мезгилиндеги өрт коопсуздук эрежелерин так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлгөн тартипте уланууда.
Жалал-Абад облусунун аймагында жайгашкан турак жайлардан тарта борбордук базарларда, мамлекеттик имараттарда, жогорку жана орто билим берүүчү мекемелерде өрт кырсыгынын алдын алуу жана иске уулануудан сак болуу боюнча нускамалар өтүлүп, ар кандай кырсыктардан алыс болууга чакырышууда.
Жүргүзүлгөн аракеттерге карабастан облус аймагында 11 ай ичинде 404 өрт кырсыгы катталып, 88 миллиондон ашуун материалдык чыгым келтирилип, 8 жаран өрт кырсыгынан каза болгон.
Куткаруучулар жарандарга өрт кырсыгынын алдын алып, өзүнүн жана жакындарынын өмүрү үчүн сак болууну эскертишет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР