Жаңылыктар

18.09.2023 14:11

   Кароолор: 285

Жалал-Абад: Өрт өчүрүү жана куткаруу бөлүктөрү мектеп окуучуларына эшигин ачты

5-октябрь – Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын шаардык, райондук бөлүктөрүндө мектеп окуучуларынын жана мугалимдеринин катышуусунда ачык эшик күнү өткөрүлдү.

Иш-чарада өрт өчүрүү жана куткаруу бөлүктөрүндөгү техникалар, кызматкерлердин жумушу тууралуу маалымат берилип, эң негизгиси түрдүү кырсык катталган учурда өзүн-өзү алып жүрүү эрежелери ӨКМ адистери тарабынан баса белгиленди.

Белгилей кетсек, 2017-жылдан бер өлкөдө "5-октябрь кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү" белгиленип келет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу