Жаңылыктар
14.09.2023 10:06
Кароолор: 447
Жалал-абад: Өрт өчүрүү бөлүгүндө "Ачык эшик күнү" өттү
Кыргызстанда "5-октябрь - Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө" карата Ноокен районундагы №1 Өрт куткаруу бөлүгүндө мектеп окуучулары үчүн "Ачык эшик" күнү өткөрүлдү.
Анда Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин 9-10-11-класстарынын окуучулары жаңы өрт өчүрүүчү автоунаа жана куткаруу шаймандары менен тааныша алышты. Ошондой эле ӨКМдин Ноокен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кырсыктарды алдына алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР