Жаңылыктар

03.04.2024 11:32

   Кароолор: 352

ЖАЛАЛ-АБАД: ӨРТ КЫРСЫГЫНЫН АЛДЫН АЛУУ БАГЫТТЫНДА МАШЫГУУЛАР ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ

Сузак району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан №31 Ы.Чанаков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде өрт

тактикалык машыгуу өткөрүлдү.

Алгач билим берүү мекмесинде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшүп, жерине өрт өчүрүү жана куткаруучулар тартылып, имараттагы мектеп окуучуларын коопсуз жайга эвакуциялап, күйүк алган окуучуларга биринчи жардам көрсөтүлүп, коопсуз жайга чыгарылды.

Өздүк курам тарабынан мектеп окуучуларына жана мугалимдерге өрт өчүрүү шаймандары жана техникалар тууралуу маалыматтар айтылып, өрт кырсыгынан сак болуу керек экендиги эскертилиди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу