Жаңылыктар
05.04.2024 10:05
Кароолор: 970
ЖАЛАЛ-АБАД: ӨРТ КЫРСЫГЫН АЛДЫН АЛУУ ҮЧҮН МАШЫГУУЛАР ӨТҮҮДӨ
Сузак району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы тарабынан №87 “Келечек” жалпы билим берүүчү орто мектебинде өрт тактикалык машыгуу өткөрүлдү.
Машыгуунун жүрүшүндө билим берүү мекмесинде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшүп, жерине өрт өчүрүү-куткаруучулар, күч түзүмдөрү жана тез жардам кызматкерлери тартылып, имараттагы 328 окуучу коопсуз жайга эвакуцияланып, күйүк-жарат алган 2 окуучуга биринчи жардам көрсөтүлүп, коопсуз жайга чыгарылды.
Машыгууну өткөрүнүн негизги максаты өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана өрт кырсыгын болтурбоо багытталат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
******