Жаңылыктар

14.08.2024 15:48

   Кароолор: 240

ЖАЛАЛ-АБАД: ӨРТ КЫРСЫГЫН АЛДЫН АЛУУ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

2024-жылдын 14-август күнү Жалал-Абад шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан Жалал-Абад шаарында жайгашкан мунайды кайра иштетүүчү

"Кыргыз Петролеум Компани" заводунда өрт тактикалык машыгуу өткөрүлүлдү.

Машыгуунун жүрүшүндө күйүүчү майды сактоочу ири кампадан (резервуар) өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшүп, өрт катталган аймакка 4 күжүрмөн эсеп жана куткаруу автоунаасы тартылып, өрт өчүрүүчү-куткаруучулар белгиленген аймакты курчоого алып, куткаруучулар өрттөн жараат алган аталган мекеменин кызматкерин коопсуз жайга алып чыгып биринчи медициналык жардам көрсөтүштү.

Машыгуунун негизги максаты өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгын күчөтүүгө багытталат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу