Жаңылыктар
14.11.2023 15:53
Кароолор: 561
ЖАЛАЛ-АБАД: ӨРТ КЫРСЫГЫН АЛДЫН АЛУУ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ
КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Абдулнасир Закировтун буйругунун негизинде
Жалал-Абад, Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы райондорунун борбордук базарларда,эл көп чогулган аймактарда өрт тактикалык машыгуулар өтүүдө.
Өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын, Жарандык коргонуу кызматтарынын, машыгуу өтүп жаткан обьектилердин персоналдарынын, ыктыярдуу кошуундарынын өрт учурундагы аракеттери бааланып, өрттү алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек аталган иш-чара облус аймагында 17-ноябрга чейин улантылат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР