Жаңылыктар
24.10.2023 14:07
Кароолор: 713
ЖАЛАЛ-АБАД: ӨРТ КООПСУЗДУГУНУН АЛДЫН АЛУУНУ ТУРАК ЖАЙ ЭЭЛЕРИНЕ ТҮШҮНДҮРҮШТҮ
Кышкы өрт кооптуу мезгилге байланыштуу КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын район, шаардык бөлүмдөрү тарабынан турак-жай секторунда өрт кырсыктарын алдын алууга багытталган иш-чараларды жүргүзүү күчөтүлдү.
Өздүк курам аймактарды кыдырып, жашоочуларга күнүмдүк турмушта, от жагуу мезгилинде өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Жыл башынан турак-жай секторунда 15 миң турак үйгө, жалпы 30 миңден ашуун жашоочуларга түшүндүрүшкөн.
Белгилей кетсек облус аймагында 9 ай ичинде 272 өрт кырсыгы катталып, 7 жаран бул жашоо менен кош айтышкан.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР