Жаңылыктар

25.02.2025 16:21

   Кароолор: 747

ЖАЛАЛ-АБАД: ӨРТ КООПСУЗДУГУН САКТАҢЫЗ!

Бүгүн ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын район-шаардык ӨКБнүн өздүк курамы тарабынан облус аймагында жайгашкан унаа тетиктерин сатуучу дүкөндөргө жана автоунаалардын майын алмаштыруучу жайларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Дүкөн ээлерине, сатуучуларына өрт кырсыгын алдын алууну түшүндүрүп, эскертүү нускамаларын таркатышты.

Урматтуу жарандар, сыртка чыккан учурда электр шаймандарын, ар кандай жылытуучу мештерди өчүрүүнү сунуштайбыз.

Электр буюмдарына жоопкерчиликсиз мамиледен улам өрт кырсыгы көп каталып, алтургай, кайгылуу окуя менен коштолууда.

Андыктан ар бирибиз коопсуздук эрежелерин сактайлы.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу