Жаңылыктар

11.02.2025 10:34

   Кароолор: 493

ЖАЛАЛ-АБАД: ӨРТ КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

Жалал-Абад шаарынын аймагында жаңы курулуп жаткан курулуштардын, көп кабаттуу турак үйлөрдүн, мыйзамсыз күйүүчү майлоочу заттарды сатуучу жана сактоочу жайлардын ээлерине өрт кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

ӨКМдин Жалал-Абад шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери менен Өрттү көзөмөлдөө кызматынын инспекторлорунун биргелешкен үгүт-насаат иштери бекитилген атайы иш-пландарына ылайык өткөрүлүүдө.

Ар бир аймактар тыкыр көзөмөлгө алынып, өрт коопсуздук эрежелерин бузуулар, эскертүүлөргө көнүл бурулбаган жагдайлар боюнча тиешелүү тараптарга маалымат жеткирилип, эскертүү нускамалары таратылды.

Мындай иш-чаралар өзгөчө кырдаалдардын алдын алып, өрт кырсыгын болтурбоого багытталат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу