Жаңылыктар
10.11.2023 09:12
Кароолор: 784
ЖАЛАЛ-АБАД: ООР ЖҮК ТАШУУЧУ АВТОУНААЛАРГА БОЛГОН ЧЕКТӨӨ АЛЫНДЫ
Бишкек — Ош автожолунун "Арал" постунда оор жүк ташуучу автоунааларга саат 8:00дөн тарта чектөө алынды. Учурда Бишкек — Ош автоунаа жолунда кырдаал туруктуу, жол ачык.
Белгилей кетсек, аталган өтмөктө аба ырайынын өзгөрүлмөлүү болуп жаткандыгына байланыштуу чектөө киргизилген.
Жеринде жол тейлөө кызматтары тиешелүү жумуштарды алып барышууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР