Жаңылыктар

06.05.2024 14:51

   Кароолор: 227

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА ЖЕР КӨЧКҮ ТҮШТҮ

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айыл аймагына караштуу Чкалов айылында жер көчкү түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине башкармалыктын башчысы полковник А.Закиров, Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери, райондук жарандык коргонуу кызматтары тартылып, тактоо иштери жүргүзүлдү.

Натыйжада аталган аймакта 7000 куб жер көчкү түшкөндүгү аныкталып, 1 турак жайга кооптуулук жаралган. Аталган үй-бүлө жергиликтүү бийлик тарабынан берилген эскертменин негизинде көчүрүлгөн.

Мындан сырткары көчкү түшкөн аймактын айланасында 250 метр узундукта 20- 25 см жаракалар бар экени аныкталып, жергиликтүү тургундардын жер көчкү боюнча кооптуулукту алдын алуу жана кооптуулук жараткан жайыт жерлерге мал багууга, эгин экпөөгө (жерди айдообого) тоюут жыйнабоо боюнча жергиликтүү бийлике эскертүү берилди.

Белгилей кетсек Базар-Коргон району боюнча 98 үй-бүлө кооптуу аймакта күн өткөрүп келишүүдө анын 9у ушул айылда жайгашкан.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу