Жаңылыктар

01.04.2025 14:57

   Кароолор: 1226

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА ЖАШЫЛДАНДЫРУУ ИШТЕРИ УЛАНУУДА

Президент Садыр Жапаровдун «Жашыл мурас» улуттук программасынын алкагында өлкө түштүгүндө экологиялык иш-чаралар өтүүдө.

Бүгүн Базар-Коргон районунда 300 гектар аянтка мисте жана бадам көчөттөрү отургузулду.

Иш-чарага КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, токой чарбасынын адистери жана жергиликтүү тургундар болуп жалпы 200дөн ашык адам катышты.

Ошондой эле сугаруу системаларын орнотуу жана көчөттөрдү сугаруу маселелери каралды.

Быйыл «Жашыл мурас» программасынын алкагында өлкө боюнча 2000 гектар токой массивин отургузуу пландалууда.

Долбоор экологияны жакшыртууга, абанын тазалыгын сактоого жана экотуризмди өнүктүрүүгө багытталган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу