Жаңылыктар

24.04.2026 20:19

   Кароолор: 109

Жалал-Абад облусунда Жарандык коргонуу абалы бааланды

2026-жылдын 22-апрелинен 25-апрелине чейин Жалал-Абад облусунда жарандык коргонуунун абалын баалоо боюнча иш-чара өткөрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Искендер Сулайманов баштаган комиссия облус аймагындагы райондук жана шаардык жарандык коргонуу кызматтарынын даярдыгын, күч-каражаттарынын абалын текшерди.

Ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга карата ыкчам чара көрүү, эвакуациялык пландар, материалдык-техникалык камсыздоо жана алдын алуу иштеринин жүрүшү каралды.

Иш-чаранын жыйынтыгында аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилип, жарандык коргонуу системасын мындан ары да чыңдоо боюнча сунуштар берилди.

Мындай баалоо иш-чаралар калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жогорулатуу максатында үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу