Жаңылыктар

30.03.2024 10:10

   Кароолор: 677

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА 8000 ЖАҢГАКТЫН КӨЧӨТҮ ОТУРГУЗУЛАТ

Бүгүн "Жашыл Мурас" улуттук өнөктөштүгүнүн алкагында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын Жалал-Абад облустук мамлекеттик токой фондунун "Ачы", "Каба" токой чарбасынын 20 гектар жерине 8 миң жаңгак көчөтү тигилет, ал эми "Тоскоол-Ата" токой чарбасына 1000ге жакын экме токойлорун толуктоо жумуштары жүргүзүлүүдө.

Аталган иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчылары, мекеме уюмдардын өкүлдөрү, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын район, шаардык түзүмдүк бөлүктөрдүн өздүк курамы, токой чарбалардын кызматкерлери жогорку деңгээлде катышууда.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун "2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында өтүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу