Жаңылыктар

23.04.2024 19:10

   Кароолор: 113

ЖАЛАЛ-АБАД: ОБЛУСТАГЫ КЫРДААЛ ЖӨНГӨ САЛЫНУУДА

21-апрелден 23-апрелге чейин облус аймагында 17 сел кырсыгы катталып, 173 турак жайлардын жана 2 социалдык объектилердин короолорун, 4500 метр ички чарбалык жолду, 4 ички көпүрөнү сел суулар каптагандыгы түзүлгөн комиссия тарабынан аныкталды.

Жерине кырдаалды жоюу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 212 куткаруучу, ЖК кызматтарынан 513 адам 121 инженердик техника тартылып, кырдаалды жоюу, материалдык чыгымдарды эсептөө аракеттери көрүлүүдө.

Мындан сырткары Ноокен району Момбеков айыл өкмөтүнө жана Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө "Өзгөчө кырдаал" режими жарыяланып, аталган аймактагы кырдаалды жөнгө салуу тапшырмасы Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев тарабынан коюлду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу