Жаңылыктар

06.06.2024 18:44

   Кароолор: 584

ЖАЛАЛ-АБАД: НЕФТЬ КУЮУЧУ ЖАЙДАН ЧЫККАН ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ

Бүгүн, 6-май күнү Майлуу-Суу шаарына караштуу Көк-Таш айыл аймагынын Катыраңкы тилкесинде "Кыргызнефтегаз" ААКнын нефть куюучу цистернасынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат саат 15:52де түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө Майлуу-Суу шаардык №83 ӨККБнөн 1 күжүрмөн эсеп, "Кыргызнефтегаз" ААКнан бир бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылып, саат 16:30да чектөөгө алынган тилсиз жоо саат 16:35те толугу менен өчүрүлгөн.

Азыркы тапта өрттүн чыгуу себептери жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу