Жаңылыктар
30.04.2024 11:35
Кароолор: 856
ЖАЛАЛ-АБАД: НАРЫН ДАРЫЯСЫНАН ЖАШ БАЛА ИЗДЕЛҮҮДӨ
Бүгүн таң эрте Нарын дарыясынан жаш баланы издөө иштери уланды. Ага №57 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 7 куткаруучу, Шаардык ички иштер бөлүмүнөн 2, жергиликтүүлөрдөн 20 адам чыкты. Учурда 3 кайык менен изделип жатат.
Эскерте кетсек, 23-апрель күн саат болжол менен 18:50 чамасында Таш-Көмүр шаарына караштуу Акшар айылынан өткөн Нарын дарыясына 2018-жылы туулган Н.Н. аттуу жаш бала түшүп кеткендиги боюнча маалымат түшкөн.
Жерине ыкчам топ тартылып, издөө иштеринен натыйжа болгон эмес.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР