Жаңылыктар
25.04.2024 11:06
Кароолор: 459
ЖАЛАЛ-АБАД: НАРЫН ДАРЫЯСЫНА ТҮШҮП КЕТКЕН ТЕСТИЕР БАЛА ИЗДЕЛҮҮДӨ
Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Алма айылынын Акшаар участогунда 23-апрель күнү саат 18:50 чамасында Нарын дарыясына 2018-жылы туулган Н. Н. сууга агып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
23-24-апрель күндөрү издөө иштери жүргүзүлгөндүгүнө карабастан, натыйжа болгон эмес.
Бүгүн жогоруда аты аталган тестиер баланы издөөгө Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын Таш-Көмүр шаарында жайгашкан 6-өзүнчө мобилдик тоо кырсыгынан куткаруу взводунан 5 куткаруучу, 2-өзүнчө издөө куткаруу отрядынан 3 суучул, Таш-Көмүр шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 12 куткаруучу, ШИИБнөн 9 кызматкер, тестиер баланын жакындарынан 45 жаран тартылып, Нарын дарыясында кайык менен жана жөө издөө иштерин жүргүзүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР