Жаңылыктар
06.08.2024 11:13
Кароолор: 1336
ЖАЛАЛ-АБАД: НАРЫН ДАРЫЯСЫНА АККАН ЖАРАН ИЗДЕЛҮҮДӨ
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда 3-август күнү, Нарын дарыясына 1994-ж.т. Н.Д. аттуу эркек киши сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Тогуз-Торо райондук №46 ӨККБдан куткаруучулар 3-4- август күндөрү издөө иштерин жүргүзүшкөн. Натыйжа болбогондуктан 5-6- август күндөрү кошумча издөөгө Токтогул райондук №97 ӨККБдан 5 куткаруучу Камбар-Ата ГЭС-1ден баштап суунун карама каршы агымын көздөй издөө иштерин жүргүзүүдө. Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР