Жаңылыктар

10.06.2024 17:16

   Кароолор: 65

ЖАЛАЛ-АБАД: МУНАЙ ЗАТ САКТООЧУ ЖАЙДА ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан 1000 тонналык мунай зат сактоочу резервуардан өрт чыгып, ыкчам өчүрүлдү.

Атайын даярдыктагы машыгуу бүгүн калаадагы “Байэл 3” мунай затты кайра иштетүүчү заводто орун алып, Жалал-Абад шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 күжүрмөн эсеп тартылды.

Машыгуунун жүрүшүндө жарат алаган жарандарга алгачыкы жардам көрсөтүлүп, өрт чыккан аймак толугу менен курчоого алынып өчүрүлдү.

Башкы максат өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгын жогорулатып, ар кандай кырсык катталган учурда жогорку даярдыкта иш алып барууга шарт түзүү.

Белгилей кетсек аталган мунай затты кайра иштетүүчү аймактын жалпы аянты 2 гектарды ээлеп, айына 30 тонна нефтини кайра иштетип чыгарат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу