Жаңылыктар
05.04.2024 09:07
Кароолор: 312
ЖАЛАЛ-АБАД: МИНИСТР КООПТУУ АЙМАКТАР МЕНЕН ТААНЫШТЫ
Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Жалал-Абад облусунда жумушчу сапары менен болду.
Облус аймагында аткарылып жаткан жумуштарды жеринен көрүп, кооптуулук жараткан аймактардагы алдын алуу иштери менен таанышты.
Мындан сырткары, Өзгөчө кырдаалдар министри Таш-Көмүр шаарында жайгашкан №57 өрт өчүрүү бөлүгү, экинчи өзүнчө куткаруу отряды жана Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын №6 взводунда өздүк курам үчүн түзүлгөн шарттарды көрдү.
Куткаруучулар менен болгон жолугушууда министр облус аймагында аткарылчу жумуштарга кенен токтолуп, мамлекетке ак дилден кызмат кылууну жана бир катар тапшырмаларды берди
КР ӨКМ ПРЕСС БОРБОР